• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда коомдук тамактануучу жайлардын иштөө убактысы узартылды

Аймак 0

Бишкек, 18.08.20 /Кабар/. Жалал-Абадда коомдук тамактануучу жайлардын иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайлар, кафе-барлардын иштөөсү түнкү саат 24:00гө чейин узартылды.

“Буга чейинки 20:00гө чейин деген чектөө алынды. Бирок кардарлардын саны 50дөн ашпай, санитардык эрежелер так сакталышы керек. Ал эми чайканалардагы кабиналарга 12 орундан ашпаган шартта гана уруксат берилет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мэриядан кошумчалашкандай, бильярд ойноочу залдарга дагы түнкү саат 24:00гө чейин иштөөгө уруксат берилди. Адамдардын саны 50дөн ашпай, санитардык эрежелер так сакталууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий