• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган 1,3 миң үй-бүлөгө эскертүү берилди

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 1 миң 302 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы районунда жана Кара-Көл, Майлы-Суу, Жалал-Абад шаарында кооптуу аймакта жашаган жалпы 1302 кожолук бар.

Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик менен биргеликте офицердик курам кооптуу аймакта жашаган 250 кожолукка көчүп чыгуу боюнча эскертме нускамаларды берип, коопсуз жайга көчүү үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жыл башында КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү талабы менен райондук мамлекеттик администрация башчыларына жана шаар мэрлерине эскертме нускамаларды берген.

Пикир

Оставить комментарий