• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөргө эскертүү берилди

Аймак 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Айбек Жолдошев Жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте Жалал-Абад шаарына караштуу Тоо-Кызыл-Суу айылынын тургундары менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда Жарандык коргонуу кызматынын көчүрүү комиссиясы тарабынан тургундарга кооптуу аймактан көчүү боюнча эскертүү берилди. Бирок, айыл тургундары “көчүп кетүүгө макул эмеспиз “ деген оюн айтып, түзүлгөн актыга кол коюшту.

Белгилей кетсек, аталган айылда 26 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймакта жашайт. Аларга жыл сайын кооптуу аймактан көчүү боюнча эскертүүлөр берилип келет.

Пикир

Оставить комментарий