• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашагандарды көчүрүү аракети көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган жарандарды көчүрүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаарынын аймагында жалпы 81 үй-бүлө көчкү коркунучунда жашайт. Буга байланыштуу аталган аймакта жашаган жарандарды коопсуз аймакка көчүрүү аракети көрүлүүдө.

Майлуу-Суу шаарынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте көчүп чыгуу боюнча нускамаларды таркатып, кыска убакыт аралыгында көчүп чыгуу зарылдыгын эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий