• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда координациялык кеңештин жыйыны өтүп, коопсуздук жана алдын алуу чаралары талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-мартта Жалал-Абад облусундагы коомдук коопсуздук, укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо аракеттери координациялык кеңешмеде талкууланды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук укук коргоо органдарынын башчылары, район акимдери, шаар мэрлери жана айыл өкмөт жетекчилери катышты.

Жайында координациялык кеңештин жаңы курамын жарыялоо жана 2022-жылга карата иш мерчемдерди бекитүү, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери талкууланды. Мындан сырткары диний экстремизм, терроризмге каршы укук коргоо органдарынын жүргүзүп жаткан иш аракеттери жана өзгөчө кырдаалдардын алабы, көйгөйлөрдү чечүү чаралары каралды.

Ыйгарым укуктуу өкүл облустагы коомдук коопсуздук, кылмыштуулуктун алдын алуу, жол коопсуздугун камсыздоо жаатындагы жалпы жумуштардын солгундугун белгиледи. Көйгөйлөрдү чечүүдө аймактардагы жергиликтүү бийлик жетекчилерин чогу иш алып барууга чакырды.

Облус башчысы президенттин той-аштарга ашыкча чыгымдарды болтурбоо тууралуу жарлыгын турмушка ашырууда натыйжалуу чараларды көрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий