• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абадда коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн стационарлар уюштурулууда

Аймак 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Мэрдин тапшырмасы менен Жалал-Абад шаарынын аймагында COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алгандарды дарылоо үчүн стационарлар даярдалууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жеңиш эс алуу багындагы Р.Санатбаев спорт мектеби жана "Динамо" спорт аянтчасы үй шартында дарыланып жаткандар үчүн стационар катары уюштурулду. Чатырлар тигилип, керебеттер даярдалды. Мында дарыгерлер акысыз карайт. Атайын дарыкана да ишке кирет.

Мындай тышкары, "Салтанат" рестораны, "Тагай-Бий" кафеси жана "Спутник" конок үйүнүн ээлери имараттарын күндүзгү стационар катары пайдаланууга уруксат беришти.

Пикир

Оставить комментарий