• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда коронавирус жуктурган 37 бейтап ооруканада дарыланууда – Мирзахмедов

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда коронавирус жуктурган 37 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

"Облуста абал туруктуу. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда карантин киргизилген. Ошондой эле башка район, шаарларда өзгөчө кырдаал сакталууда. Эл арасында посттор боюнча суроолор болуп жатат. Жалал-Абад шаарынын кире бериш жериндеги, башка райондогу посттор четинен алынып жатат. Бирок Чаткал районунда 12 пост иштеп жатат. Чаткал районуна зарылчылык болбосо кирип-чыгууга тыюу салынган", - деди ал.

Анын айтымында, облуста 151 киши коронавирус жуктурган. Анын ичинен 114 адам айыгып чыккан.

"37 адам ооруканаларда дарыланып жатат. Алардын ичинен 32 адам Чаткалда, төртөөсү Тогуз-Торо районунда жана бир адам Ала-Букада дарыланууда. Дарыгерлер Тогуз-Торо менен Ала-Букада дарыланып жаткан бейтаптар жакында чыгарылат деп жатышат", - деп ал, Чаткалда да коронавирустан айыккан бейтаптар чыгарылып жатканын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий