• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда коронавирус жуктурган дарыгерлер жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болгонбу?

COVID - 19 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда коронавирус жуктуруп алган дарыгерлер жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болгон. Бул тууралуу "Жалал-Абад ТВ" каналынын түз эфиринде Жалал-Абад облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржуев билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов Кыргызстанда 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганын билдирген. Алардын ичинен коронавирус Жалал-Абад облусундагы жети дарыгерден табылган.

Боржуевдин айтымында, инфекция бөлүмүндө иштеген дарыгерлердин баары жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болгон.

"Жети медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды деген маалымат туура. Инфекция бөлүмүндө иштеген дарыгерлердин баары жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болгон. Ансыз бейтаптарга кирүүгө болбойт", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 144кө жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий