• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 858ге жетти, 1 миң 749 адам айыгып чыкты - облус башчысы

Аймак 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Жалал-Абадда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 858ге жетти. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) 115 кишиден табылган.

"Ооруканаларда 641 адам, 468 киши үйлөрүндө дарыланып жатат. Оорудан айыгып чыккандардын саны 1 миң 749га жетти. Пневмония жана коронавирустан 132 адам каза болду. Буга чейин жугуштуу оорулар ооруканаларында 420 орун болгон. Кошумча 932 орун даярдалды. Ошондо бизде жалпы 1 миң 352 даярдалды. Учурда 731 бош орун бар. Буга чейин Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда маселе бар деп айтып келгенбиз. Учурда Жалал-Абад шаарында жугуштуу оорулар ооруканасында 20 бош орун бар. Андан тышкары жугуштуу оорулар ооруканасынын филиалы кылып 70 орунду даярдадык. Анда жасалма дем алдыруучу аппарат, кычкылтек концентраторлору бар. Сузак районунда да 20дан ашык бош орун бар. Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарында бейтаптарды кабыл алуу үчүн 70 орун даярдалып жатат. Ошондой эле №36 лицейде 300 орун даярдалууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий