• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда коронавирус жуктуруп, оорунун белгилери байкалбаган жарандар үй көзөмөлүнө чыгарылууда - Ызабеков

Аймак 0

Бишкек, 18.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Жалал-Абад облусунда коронавирус жуктуруп, оорунун белгилери байкалбаган жарандар үй көзөмөлүнө чыгарылууда. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер менен кеңешүү жана алардын сунуштарын эске алуу менен оорунун белгилери жок жарандар үй көзөмөлүнө жөнөтүлгөн.

"Облуста оорунун белгилери байкалбаган жарандарды үй көзөмөлүнө алып жатабыз. Эгер оорусу күчөп кетсе жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий