• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абадда коронавируска каршы күрөшүүдө салым кошкондор сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Жалал-Абадда коронавирус илдетин алдын алуу жана кесепеттерин жоюуда салым кошкондор сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн алар менен өкүл Абсаттар Сыргабаев жолукту. Бул жылы элди аны менен бирге өлкөнү түйшөлткөн пандемия шартында кайдыгер карабай жардам колун сунгандарга ыраазычылыгын билдирип, Ардак грамоталарды тапшырды.

Өкүл эпидемиологиялык абалды турукташтырууда жарандар, коомдук активисттер жана жеке ишкерлердин кошкон салымына токтолуп, дагы да чогу аракеттенүү илдеттен толугу менен арылууга шарт түзөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий