• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда коронавирусту алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.02.20./Кабар/. Жалал-Абад шаарында коронавирус илдетин алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Ага карата түзүлгөн атайын штабдын мүчөлөрү жыйын өткөрүп, соңку кырдаалдар боюнча маалымат алмашышты. Жыйынга шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кызматы, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө мекемеси, аймактык башкармалыктар, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

Анда үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору тарабынан калк арасында оорунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды. Ага кошумча маалыматтуулукту жогорулатуу үчүн атайын баракчалар да таратылып жатканын билдирилди.

Шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун кызматкерлери тарабынан бала бакчаларда, жогорку жана орто окуу жайларында байма-бай жолугушуулар өткөрүлүүдө. Адистер Кыргызстанда, аны менен бирге Жалал-Абад шаарында вирусту жуктургандар жок экенин белгилеп, ар түрдүү такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий