• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда коронавирусту дагы 4 адам жуктуруп, анын бирөө 7 жаштагы бала деген маалымат чындыкка дал келбейт – штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Жалал-Абадда коронавирусту жуктурган дагы 4 учур катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу коронавирустун өлкө аймагына келишин алдын алуу жана жайылышына жол бергөө боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, Жалал-Абад облусунда 4 адам, анын ичинде 7 жашар бала коронавирусту жуктуруп алган деген маалымат тараган. Ал маалымат чындыкка дал келбейт.

Бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков умрадан келген дагы алты адамдан коронавирус аныкталганын билдирди – Баткен районунда бирөө, Сузакта бешөө. Мындан улам Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарына өзгөчө кырдаал киргизилген.

Эскерте кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Учурда коронавирус жуктургандардын саны 12 кишиге жетти. Алардын алтоо эркек жана алтоо аял кишилер.Коронавируска чалдыккандардын кичүүсү 45 жашта болсо улуусу 75 жашта.

Пикир

Оставить комментарий