• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда «Крутой» рейди учурунда мас абалында унаа башкарган 18 айдоочу аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда "Крутой" аталышындагы эки күндүк рейд учурунда 18 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук ЖКККБ тарабынан облустун аймагында оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле үйлөнүү тойлорунда коштоп жүргөн автоунаалар тарабынан жасалган бузууларды аныктоо боюнча үстүбүздөгү жылдын 11-12 август күндөрү "Крутой" аталыштагы рейдтик иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарада ЖКККБнүн аппарат кызматкерлери, ошондой эле район-шаардык ЖККК бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери, атайын мобилдик күзөт багыттарында иш алып барышып, жыйынтыгында жалпы 442 ар кандай жол эрежелерин бузган фактылар аныкташкан.

«Анын ичинен мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 18 айдоочунун, унааларынын алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн 7 айдоочунун, ал эми буга чейин социалдык тармактарга чыккан үлпөт тойлорун коштоп жүрүүдө жол эрежелерин одоно бузган 11 айдоочунун автоунаалары кармалып, атайын айып короого коюлду",деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, мыйзамсыз түрдө орнотулган катуу үн чыгаруучу, атайын жарык берүүчү жабдыктары алынып, айып пул салынуу менен бирге айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий