• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда Курман айт күнү коомдук коопсуздукту 800дөн ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт

Аймак 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. Жалал-Абадда Курман айтта коомдук коопсуздукту 800дөн ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-июлда Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Ашим Тагаев өздүк курамды келе жаткан Курман айт күнү менен куттуктады. Бул күн мусулманчылыкта эң ыйык күндөрдүн бири экендигин белгилеп, кызматкерлерге бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле “Кыргызстандын бермети” аталышындагы V эл аралык фестивалында 3-орунду багындырган ИИМдин “Шумкар” АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери Бектур Идирисов медаль жана ардак грамота менен сыйланды. Ал 5-11-июль күндөрү Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында өткөрүлгөн мелдеште 85 кг салмакта спорттун кол урушу (рукопашный бой) түрүнөн ийгиликке жетишкен.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында Айт намазы мечиттерде окулат. Бул күнү коомдук коопсуздукту 800дөн ашуун милиция кызматкери көзөмөлгө алышат.

Пикир

Оставить комментарий