• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда куткаруу бөлүмдөрүнө 13 дрон жана 21 мотопомпа тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Жалал-Абадда Куткаруучулардын материалдык-техникалык базасы толукталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгунүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев облус аймагындагы куткаруу бөлүмдөрүнө 13 даана дрон жана 21 мотопомпа аппараттарын тапшырды.

Белгиленгендей, өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн техникалык базасын чыңдоо максатында Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан 4 млн 425 миң сом акча каражаты ажыратылган. Бөлүнгөн суммага дагы башка керектелүүчү шаймандардын келүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий