• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда куткаруучулар ачык эшик күнүн өткөрүштү

Аймак 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. Жалал-Абадда шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы жана Улуттук Кызыл-Ай коомунун Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү менен бирдикте коомчулук үчүн ачык
эшиктер күнүн өткөрдү. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнөн билдиришти.

ӨКМдин шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Токтосуновдун айтымында, бул иш-чара жыл сайын өтүп келет жана коомчулук менен байланышуунун мыкты иш-чараларынын бири болуп калды.

"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2018-жылдын 2-июлундагы №649 буйругу менен бекитилген кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлыкты өткөрүүнүн алкагында Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү облустук башкармалык жана Улуттук Кызыл-Ай коомунун Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте 2018-жылдын 5-август күнү Жалал-Абад шаарындагы Барпы драмалык театрынын алдында ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Ага шаар тургундары катышып, биздин жандуу байланышыбыз алардын зор кызыгуусун пайда кылды. Көптөгөн маалыматтарды
бере алдык", - дейт ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМдин шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери өрт өчүрүүчү жана куткаруу автоунааларды, өрт-техникалык шаймандарды көрсөтүү менен алардын иштеши тууралуу кеңири маалыматтарды беришти. Ошондой эле, калкка
өзгөчө кырдаалдарды, өрт кырсыктарын алдын алуу, сууга түшүү мезгилиндеги коопсуздук чаралары боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаал учурунда кырсыкка кабылган атуулга биринчи жардамды кантип көрсөтүү керектигин иш жүзүндө үйрөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий