• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда куткаруучулар аскада калган 3 баш эчкини түшүрүүгө жардам берди

Коом 0

Бишкек, 13.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда куткаруучулар аскада калган 3 баш эчкини түшүрүүгө жардам берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаарынын “Северный” тилкесинде 3 баш эчки аскада калып калган. Мал жандыгынын ээси өзү чыгара албагандыктан, 112 кызматына жардам сурап кайрылууга аргасыз болгон.

Натыйжада куткаруучулар аскага альпинисттик каражаттар менен чыгып, 3 баш эчкини өз ээсине кайтарып беришкен. Жерине 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий