• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда куткаруучулар темир торчого буту кыпчылып калган аялга жардам беришти

Кырсык 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы лотоктун үстүнө коюлган темир торчого аялдын буту кыпчылып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жерине төрт куткаруучу тартылып, 39 жаштагы Б.Ч. аттуу аялдын кыпчылып калган бутун чыгарып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий