• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда кылмыштардын алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алууга багытталган бир топ профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, коомчулукта болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн балдар иштери боюнча комиссиясында тиешелүү органдар менен биргеликте чогулуш өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө терс жагдайларга бөгөт коюу багытында түзүлгөн комиссиянын иш алып баруусун күчөтүү милдеттендирилди. Жашы жете электерге карата жасалган ырайымсыз мамилелерди, алардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча бирдиктүү аракеттерди көрүү зарылдыгы айтылды.

Ошондой эле Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери тейлеген аймагында жайгашкан мектептерде коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жугуштуу илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштери Чаткал РИИБдин кызматкерлери тарабынан да жүргүзүлүүдө. Аба ырайынын өзгөрүүсүнө карабастан тиешелүү профилактикалык жумуштар улантылууда.

Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын жана жергиликтүү тургундарды айтылып жаткан санитардык нормаларды сактоого чакырып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий