• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздуктун алдын алуу талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясында укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, координациялык кеңештин мүчөлөрү жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде 3 маселе каралды:

1.Жалал-Абад шаарында 2021-жыл ичинде жана 2022-жылдын I кварталында мыйзамдуулуктун абалы, укук бузуулардын алдын алуу. Кылмыштуулук менен күрөшүүнүн анын ичинде жаш өспүрүмдөргө карата, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда жасалган кылмыштардыгн абалы;

2. Жалал-Абад шаарынын аймагында 2021-жыл ичинде жана 2022-жылдын I кварталында диний экстремизм, терроризмге каршы жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарынын иш-аракеттери;

3. Жалал-Абад шаарынын аймагында өзгөчө кырдаалдар боюнча 2021-жыл ичинде жана 2022-жылдын I кварталында жүргүзүлгөн иш-чаралардын абалы жана 2022-жылга сел ташкындарын, жер көчкүлөрдүн алдын алууга багыттталган иш-аракеттер .

Кеңешмеде күн тарбиниде киргизилген маселелер боюнча баяндамалар угулду. 2021-жылдын жыйынтыгы менен кошо 2022-жылдын I кварталына карата жүргүзүлгөн иш-аракеттер ортого салынып, сунуш-пикирлер айтылды.

Ал эми шаар мэри Эрнисбек Ормоков кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздуктун алдын алуу иштерин жандантуу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктардын алдын алуу чараларын күчөтүү шаар аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий