• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда кыргыз-өзбек ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өтөт

Аймак 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда Өзбекстандын Наманган облусунун акими Шавкатжан Абдыразаков баштаган делегация Жалал-Абад облусуна келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундардын коштоосунда делегацияны “Маданият” бекетинен салтанаттуу тосуп алды.

Делегация 9-10-июнь күндөрү Жалал-Абад облусунда болот. Иш сапардын алгачкы күнүндө тараптардын чакан жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулары орун алат. Эртең, 10-июнда Жалал-Абад жана Наманган облустарынын 100гө жакын ишкерлеринин катышуусундагы бизнес-форум өтөт.

“Кыргыз-өзбек алакаларын жакшыртуу, карым-катнашты бекемдөө аракеттери ушул жылдын март айындагы өлкө президенттеринин жолугушуусунда макулдашылган. Ага ылайык, облус башчылары да кызматташуу боюнча 22 пункттан турган Жол картасына кол коюшкан. Анда соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык, маданият жана туризм тармактары камтылган”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусунан атайын делегация Наманганга барган.

Пикир

Оставить комментарий