• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда кыргыз-өзбек жаштар фестивалы өтүүдө

Аймак 0

Ош, 21.06.19 /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 20-22-июнь күндөрү кыргыз-өзбек жаштар фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктүн билдиргени боюнча, кечээ Жалал-Абад шаарына Өзбекстандын КРдагы элчиси Комил Рошидов баш болгон делегация келген. Андижан, Наманган жана Фергана облустарынан келген конокторду көзөмөл өткөрмө бекетинен салтанаттуу түрдө тосуп алышкан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштары фестивалдын алкагында билим берүү, миграция, туризм тармагындагы билими жана тажрыйбалары менен алмашышкан.

Учурда бул фестиваль Токтогул районунда өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий