• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда Кыргызстандагы кооз жайлар "3D" картасында көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Жалал-Абадда Кыргызстандагы кооз жайлар "3D" картасында көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкулчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн ички туризмин өнүктүрүү максатында буга чейин 7 облустун 8 миңден ашуун таанымал кооз жайларынын сүрөттөрү атайын "3D" картасына түшүрүлгөн. Ал Жалал-Абад шаарындагы көрүүчүлөргө тартууланып, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн жарманкеси менен коштолду.

Ага Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Самат Шатманов да катышып, бул аракеттер өлкөнүн эс алууга ылайыктуу жайларын таанытып, чет өлкөлүк туристтердин маалыматтуулугун арттыруу болуп саналаарын белгиледи. Мындагы катышуучулар виртуалдык көз айнектин жардамы менен кыргызстандын туристтик жайларын панорамалык сүрөттөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ал атайын түзүлгөн "map.tourism.gov.кg” сайтына жайгаштырылган.

Иш-чара "Дестинация Жалал-Абад" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, КР Туризм департаменти, Европа Биримдиги, Германиянын Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлиги, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги жана GIZдин "Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү" программасынын каржылык колдоосу астында ишке ашкан.

Пикир

Оставить комментарий