• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда кызматкерлерин мезгилдүү медициналык кароодон өткөрбөгөн мекемеге айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Жалал-Абадда кызматкерлерин мезгилдүү медициналык кароодон өткөрбөгөн мекемеге айып салынды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын (Мамэкотехинспекция) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад регионалдык шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгында пландуу текшерүү жүргүзүлүп, кызматкерлерде инфекциялык жана кесиптик оорулардын пайда болушун жана таралышын алдын алуу максатында мезгилдүү медициналык кароодон өтпөгөндүгү үчүн КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 51-беренесинин негизинде 13 миң сом административдик айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий