• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда “Лидер” иш-чарасында окуучу жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан “Лидер” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында Таш-Көмүр шаардык, Чаткал жана Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери мектеп окуучулары жана ата-энелер менен жолугушту. Жолугушуу учурунда мектеп рэкетчилигин жана топтошуп мушташууларды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ата-энелерге өз балдарын сабактан тышкары учурларда ар дайым көзөмөлдөө керектиги эскертилди. Жаш өспүрүмдөрдүн телефондорун, алардын кандай мазмундагы материалдарды көрүп жаткандыгын текшерип туруу зарылдыгы белгиленди.

Ал эми мектеп окуучуларына социалдык тармактардагы терс көрүнүштөрдөн алыс болуп, уюлдук телефондорду туура багытта колдонуу керектиги айтылды.

Кылмыштуулуктун арты жакшылык менен бүтпөй тургандыгы эскертилип, татыктуу билим алууга чакырышты. Эрте никеге туруунун жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу багытында лекциялар окулду.

Пикир

Оставить комментарий