• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда өлкөдөгү ишкер айымдар бир аянтка чогулду

Аймак 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Жалал-Абадда өлкөдөгү ишкер айымдар бир аянтка чогулду. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өндүрүш тармагындагы жаратман айымдардын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу аракеттери көрүлүүдө. Бул багытта Жалал-Абад шаарында өлкөдөгү 400гө жакын ишкер айымдын башын бириктирип, бир аянтка чогулткан ири масштабдагы форум өттү. Анда республикага белгилүү ишкердик чөйрөсүндө ийгилик жараткан инсандар товар өндүрүү, стиль куруу жана бренд жаратуу маселелери боюнча тажрыйбаларын бөлүштү.

“Өнүгүүнүн аянты” аталышындагы форумга негизги багыты катары жеңил өнөр жайдын локомотиви болгон текстиль тармагы тандалып алынган. Анда айымдардын бул жааттагы ишмердүүлүгү, ийгиликтери жана кабылган көйгөйлөрү талкууланды.

Иш-чарага катышкан Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев бүгүнкү күндө айымдар эркектер менен тең тайлаша эмгектенип, мамлекеттик башкарууда жана эмгек майданында олуттуу милдет өтөп келе жаткандыгын билдирди. Аны менен бирге бул демилге аймактардагы бизнести өркүндөтүүдөгү маанилүү жолугушуу экендигин баса белгиледи.

Форум жергиликтүү жана атамекендик ишкерлердин өздүк өндүрүмдөрү катары коюлган жармаңке менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий