• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда өлкөдөн 300дөн ашык беткап алып чыгып бара жаткан өзбекстандык кармалды

Аймак 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Ноокен районундагы (Жалал-Абад) "Маданият - унаа жолу" көзөмөл өткөрмө жайында өлкөдөн 300дөн ашык медициналык беткап алып чыгып бара жаткан өзбекстандык кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан 20 жаштагы О.А. аттуу өзбекстандык жаранда 300дөн ашык беткап табылган. Анда беткаптардын тиешелүү документтери болгон эмес.

"КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы №57 токтомуна ылайык, Кыргызстандын аймагынан 6 айга чейин дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды чыгарууга убактылуу тыюу киргизилген", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин ал жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий