• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген 400дөн ашуун балага кийим-кече тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облусундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланып жаткан социалдык-стационардык мекемелердеги 431 балага кийим-кече тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майрамдык белектерди бүгүн облус башчысы Абсаттар Сыргабаев мекеме жетекчилерине тапшырды. Алардын коомдун аярлуу катмарындагы балдар менен иштөөдөгү эмгегине ыраазычылык билдирип, көмөк көрсөтүү иштери мындан ары да улантылаарын айтты.

Жалал-Абаддагы балдардын психоневралогиялык социалдык стационарына 101, облустук “Ак жол” балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборуна 30, “Бирдиктүү багыт майыптар коомдук ассоциациясы” аркылуу 200 балага жеткирилет. Мындан сырткары Ноокен районундагы Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин тарбиялануучуларына да 100 жууркан берилди.

Жалал-Абад облусунда жалпы 15 миңден ашуун 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар. Анын ичинен 7 миң 98и бала кезинен майып болгондор.

Пикир

Оставить комментарий