• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда мөндүр жаап, чарба өсүмдүктөрү зыянга учурады

Аймак 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда мөндүр жаады, - деп кабарлайт КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 9-июнда болжол менен саат 18:20лар чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мөндүр аралаш жамгыр жааган. Анын кесепетинен Кербен шаарынын Ак-Дөбө жана Күлүк-Дөбө айылдарында, Кашка-Суу айыл аймагынын Чарбак жана Өлөн-Булак айылдарында чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирилген. Турак үйлөр жана жолдор жабыркаган эмес.

Пача-Ата метеостанциянын башчысы Игорь Акимбековдун маалыматы боюнча, мөндүрдүн көлөмү 15 мм түзгөн.

Райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.

"Тактоо иш-чаралары бүгүн уланууда. Буга чейин туруксуз аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратылган",. - деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий