• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинде маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага шаардын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, маданият кызматкерлери жана мекеме иш каналардын жетекчилери катышты.

Анда келген конокторго Дүйшөн Молдобаев жетектеген эл аспаптар оркестри жана башка маданият кызматкерлеринин концерттик программа тартууланып, бир топ маданият кызматкерлери жергиликтүү бийлик тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланды.

Белгилей кетсек, 1995-жылдын 28-июлунда кыргыз өкмөтү маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу №318 токтомун чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий