• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда май куюучу жайларда санитардык талаптардын аткарылуусу текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында май куюучу жайларга рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү адистер күйүүчү май сатуучу жайлардагы санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылуусун текшерүүгө алышты.

Талапка ылайык күйүүчү май атайын кызматкерлер тарабынан куюлуп, кардарларды операторлор тейлеши керек. Бирок, кээ бир жайларда бул эреже сакталган эмес. Аларга эскертүү берилди.

Алдыда мындай көзөмөл дагы улантылат.

Пикир

Оставить комментарий