• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абадда майыптыгы бар жана ата-энесинин кароосунан ажыраган 30 балага белектер берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы ЮНЕСКО клубунун демилгеси жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын колдоосу менен «Ариет» балдар чыгармачылык борбору жаңы жылга карата «Мээримдүү балаты» аталышындагы кайрымдуулук акция уюштурду.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, акция жыйынтыкталып, мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарга шаар мэри Эрнисбек Ормоков баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалар, жеке ишкерлер тарабынан белектер тапшырылды.

"Мээримдүү балатыга" Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова катышып, келечек ээлерин келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 27-декабрда Жалал-Абад шаарынын мэринин балатысы өтүп, анда жергиликтүү бийлик тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган жана мыкты окуган 500дөй балага белек берилет.

Пикир

Оставить комментарий