• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда майыптыгы бар жарандардын "Кыз-жигит Сармерден" оюну өттү

Аймак 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта, облустук Барпы театрында майыптыгы бар жарандар ортосунда "Кыз-жигит Сармерден" оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облустун бардык район-шаарларынан келген жалпы 24 катышуучу катышып, ыр-күүлөр менен өз таланттарын тартуулашты.

Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, облустук бийликтин материалдык жардамын тапшырды.

Облус башчысы көптөгөн ден ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар коомдо өз ордун таап, өлкөнүн өнүгүүсүнө ар тармакта жигердүү эмгектенип келе жаткандыгын белгилеп, ыраазычылык билдирди. Мындай саамалыктар майыптыгы бар жарандарга дем-күч берээрин кошумчалап, алдыда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн каралып жаткан пландар тууралуу айтты.

Иш-чарада "Кыз-жигит Сармерден" оюнун уюштурууну колго алган "Бирдиктүү багыт" майыптар коомдук бирикмелер ассоцациясынын жетекчиси Жумакан Жаркуловага ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий