• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүү улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-декабрда Жалал-Абад шаарындагы “Көзү азиздер жана дүлөйлөр коому” Майыптардын эл аралык күнүнө карата иш-чара уюштурду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад шаарыны мэринин орун басары Элдос Таев катышып, майыптыгы бар жарандарга жергиликтүү бийлик тарабынан ар дайым моралдык жана материалдык колдоолор көрсөтүлүп келерин белгиледи.

Ошондой ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай коомго пайдасын тийгизип, үзүрлүү эмгектенип жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын тапшырды.

Аталган коомдун 178 мүчөсү болсо, анын ичинен 36сы ишке жарамдуу жарандар.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 3,5 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Аларга жергиликтүү казынадан 358 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий