• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда мал кайтарып жүргөн 12 жаштагы өспүрүм Нарын дарыясына түшүп каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кум айылында 18-сентябрда болжол менен саат 18:30дар чамасында 12 жаштагы О. Уулу. Р мал кайтарып жүрүп, Нарын дарыясына түшүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, издөө иштерине куткаруучулар жана баланын туугандары тартылган. Натыйжада 19-сентябрда саат 12:45тер чамасында куткаруучулар өспүрүмдүн сөөгүп таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Ошондой эле 29-августта Ош облусунун Чалма айыл аймагында 8 жаштагы бала Тар суусуна чөгүп кеткен. Куткаруучулар 19-сентябрда баланын жансыз денесин Сай айылындагы Тар суусунун жээгинен таап, туугандары өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий