• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда мал уурулугуна шектелип 4 бала кармалды

Аймак 0

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. Жалал-Абадда мал уурулугуна шектелип 4 бала кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Облустук милициядан белгилешкендей, 2019-жылдын июль айында Ноокен райондук милициясына 4 жаран кайрылып, малдары уурдалгандыгын айтып арызданышкан.

Алардын бири О.Ж. аттуу жарандын торпогу (базар баасы 12 миң сом) 10нан 11-июлга караган түнү, А.Н. аттуу жарандын торпогу (базар баасы 15 миң сом)19-июлда түш чендерде жана М.Х. аттуу тургундун торпогу (базар баасы 16 миң сом) 20-июль күнү уурдалган.

Бул арыздардын бардыгы Ноокен райондук милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде КР Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ошондой эле милицияга Ноокен районунун А.А. аттуу тургуну кайрылып, 19-июль күнү саат 10:00 чамасында аркандап койгон торпогун (базар баасы 8 миң сом) белгисиз бирөөлөр уурдап кеткендигин билдирген. Бул факты боюнча КРнын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 90-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ноябрь айынын башында окуяга шектүү катары 27 жаштагы П.Ш., 24 жаштагы Т.И., 21 жаштагы А.С. аттуу Ноокен районунун тургундары жана Базар-Коргон районунун 18 жаштагы (2001-ж.т.) С.С. аттуу тургуну кармалган.

"Алар ноябрь айынын башында кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Тергөөдө шектүүлөр уурдалган малдарды жакынкы райондордогу мал базарларларга алып барып саткандыгы белгилүү болгон", - деп айтылат маалыматта.

Милициядан белгилешкендей, тергөө амалдары жүргүзүлүп, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу такталууда.

Пикир

Оставить комментарий