• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу үй курулат

Аймак 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы 21 сотых муниципалдык жер аянтына Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу үй курулат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары компаниянын үй куруу боюнча сунушун бир добуштан колдоп берди.

Белгилей кетсек, батирлер бюджеттик мекемеде эмгектенгедер үчүн 4 %, калган жарандарга 8 % менен 25 жылга ипотекалык насыя аркылуу берилет.

Пикир

Оставить комментарий