• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда мамлекеттик фонддун жерлери натыйжалуу пайдаланылат

Аймак 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунунда мамлекеттик фонддун карамагындагы жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, бүгүн бул багыттагы жыйын Сузак айылынын тургундары менен өткөрүлдү. Ага район акими Баратбек Сыдыкназаров катышып, айыл чарба кооперативдерин, алдыда үрөнчүлүк жана асыл тукум мал чарбаларын өнүктүрүү багытындагы пландар тууралуу маалымат берди.

КР министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган токтомго ылайык, эми аймактардагы мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү тартиби өзгөрдү. Мындан ары аталган жерлердин 75 пайызы аймактардагы Айыл чарба министрлигинин өкүлчүлүгү тарабынан айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбачылыгына бөлүштүрүлөт.

"Алдыда мамлекеттик фонддун ижарага берилген жерлеринде пландуу айдап себүү иштери аткарылат. Бул аракеттер өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун, бааны жөнгө салуу, түшүмдүүлүктү арттыруу, жерди натыйжалуу пайдалануу жана агроөнөржайдагы экспорттун көлөмүн жогорулатууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мындай түшүндүрүү иштери облустун бардык айыл аймактарында жүргүзүлөт. Сузак району боюнча мамлекеттик фонддун 11 миң 608 гектар жер аянты бар.

Пикир

Оставить комментарий