• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Жалал-Абадда мамлекеттик нотариалдык конторанын У.С.С. аттуу нотариусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында мамлекеттик нотариус Россиянын жаранынан 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

"2022-жылдын 5-августунда Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу У.С.С. 250 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып жана Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде каралган кылмышты жасоого шектелип, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий