• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда мамлекеттик тил майрамына даярдыктар жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.09.17 /Кабар/. Кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгендигинин 28 жылдыгына карата жана мамлекеттик тилди туруктуу өнүктүрүү максатында Жалал-Абад шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айнура Маданова билдирди.

Анын айтымында, учурда шаардагы бардык жалпы билим берүүчү мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында жана ушул багытта балдарды окутуу-тарбиялоо иштерин күчөтүү үчүн комплекстүү иштер жүрүп жатат. Ошондой эле көрнөк-жарнактарды туура жазуу, иш кагаздарын туура алып баруу боюнча да иштер алып барылууда.

“Мындан тышкары, ар бир мектепте класстар аралык кароо-сынактар, дил баяндар уюштурулууда. Ошондой эле тил майрамына карата мугалимдердин арасында салттуу “Ыр кесе” сынагын даярдап жатабыз. Ушул иш-чаралардын бардыгы мамлекеттик тилибиздин кабыл алынгандыгына жана “Ыйман, адеп жана маданият” жылына арналмакчы. Жакында эле шаарыбызда мамлекеттик тилдин үч айлыгы, Кыргызстанда бир жылдыгы жарыяланды. Эми жыл бою мамлекеттик тилибизге басым жасап, түрдүү иш-чараларды өткөрө беребиз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий