• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда Мамлекеттик туу күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларынын бири болгон туунун кабыл алынган күнү белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Ага облустук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жамааттары, окуу жайлардын студенттери жана шаар тургундары катышты.

Анда калаанын вице-мэри Руслан Алтымышев мамлекеттик туу эгемендиктин, биримдиктин, мекенге болгон сүйүүнүн башкы белгиси экенин айтты. Аны менен бирге жалпы катышуучуларды эгемен өлкөнүн мамлекеттик белгиси болгон туунун кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгы менен куттуктады.

Эскерте кетсек, мамлекеттик туу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий