• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абадда Мамлекеттик туу күнү салтанаттуу белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана тургундар катышты.

Саамалыкта облус башчысы жалпы катышуучуларды куттуктап, Кыргызстан эгемендүүлүккө жетип, көз карандысыздыгын даңазалоодо кызыл асаба өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

"Ата-бабаларыбыз тээ байыртан туу астында биригип, калың журттун ынтымагын бекемдеп, өлкөбүздүн бүтүндүгүн сактап келген. Азыркы учурда да ар бир кыргызстандыктын алдында анын маани-маңызын терең түшүнүп, муундан-муунга өткөрүү милдети бар. Байрагыбызды түрдүү сынактарда, маданий ишмерлер жана спортчуларыбыз эл аралык мелдештерде бийик көтөрүүсү бизге ар дайым сыймык алып келет. Бул күндү белнилөөнүн максаты да өсүп келе жаткан жаш муундардын патриоттук сезимдерин күчөтүү, эл-жерге болгон сүйүүсүн арттыруу болуп саналат. Эгемен өлкөбүздүн желеги кылымдарга желбиреп, асманыбыз ачык, түндүгүбүз бийик болсун", - деди А.Сыргабаев.

Эске салсак, Кыргызстандын желеги 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Туу күнү 2009-жылдан тарта белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий