• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда март айында жаңы унаа базарын ишке киргизүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында муниципалдык унаа базарын ачуу үчүн иш токтоосуз жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ мэр Эрнисбек Ормоков бул жайга барып иштин жүрүшү менен таанышып келди. Көрүлүп жаткан чараларды текшерип, тийиштүү тармактарга тапшырмаларды берди. Учурда тегиздөө иштери аяктап, айланасын тосуу жана жарыктандыруу иштери башталды.

Жаңы унаа базарын март айында ишке берүү пландалууда. Базар заман талабына шайкеш даярдалып, бардык шарттар түзүлөт. Унаалар төрт жактан кирип-чыгып, төлөм жүргүзүү электрондук системада ишке ашырылат. Ал эми унаа базарынан түшкөн каражат калаа казынасына түшөт.

Эскерте кетсек, муниципалдык унаа базары Спутник аймактык башкармалыгындагы Манас көчөсүндө жайгашып, 3,5 гектар аянтты ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий