• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда мечиттердин абалы текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы мечиттердин жалпы абалын, алардын жарандар үчүн коопсуздугун, санитардык жана башка ыңгайлуулуктарынтекшерүү максатындаатайын комиссия курамы тарабынанрейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүнбашчысы, комиссиянын төрайымы Гулина Базаркулова билдиргенин мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, шаар мэриясынын 2017-жылга карата бекитилген иш-планынаылайык шаарда жайгашкан бардык мечиттердин абалынтекшерүү жагы каралган. Мында негизинен мечиттердеги ыңгайлуулуктар, алардын материалдык-техникалык камсыз болушу, жарандар коопсуздугу көздө тутулат.

"Бул рейдге Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын областтагы өкүлчүлүгүнөн, областтык казыяттан, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан жанаЖалал-Абад региондор аралык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан тийиштүү адистери катышты. Мечиттердин абалы менен таанышып, катышкан адистердин берген корутундулары аркылуу кемчиликтерди жоюу боюнча эскертмелер берилди", - дейт ал.

Областтык казыяттын иш башкармалыгынын башчысы Карим Төлөнбаевдин айтымында,шаар боюнча жалпысынан 31 мечит болсо, алардын 27си мыйзамдуу каттоодон өткөн. Калган мечиттер жакынкы күндөрдө каттоодон өтүү алдында турушат.

"Бүгүнкү күндө шаардагы мечиттерде түзүлгөн шарттарды жакшы деп айтсак болот,бирокарасында талапка жооп бербегендери да бар.Жергиликтүү бийлик атайын адистердин катышуусундажарандардын коопсуздугуна көңүл буруп,мечиттердин абалынын жакшырышына кызыкканы биз үчүн жагымдуу", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий