• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда медиктер кант диабетине чалдыккандар үчүн бөлүнгөн дарыларды сатып жиберишкен

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда орун алган кызматтык кылмыш боюнча тергөө аяктап, кылмыш иш соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Малыматка ылайык, тергөөдө Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик бюджеттен кант диабетине чалдыккандар үчүн бөлүнгөн медициналык жабдуулар жана дары-дармектердин ичинен 761 миң 760 сомдук дары-дармектерди сатып, өздөрүнө сиңирип алышкандыгы аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгында келтирилген материалдык зыяндын 600 миң сому мамлекеттин пайдасына өндүрүлүп, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары И.Э., Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен айыбы угузулуп, кылмыш иш соттун кароосуна жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий