• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда медкызматкерлерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн сом берилди

Аймак 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында медициналык кызматкерлерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн сом берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев билдирди.

Анын айтымында, демөөрчүлөр менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизинде медиктерге 5 тонна ун берилген.

"Ошондой эле "Нобел фарм" ишканасы 100 даана көп колдонуучу кийимдерди медкызматкерлерге берди. Биз мындан ары да дарыгерлерди колдоону уланта беребиз", - дейт мэр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 756га жетти. Алардын ичинен 198и медицина кызматкери. Илдеттен 504 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий