• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда мектеп окуучулары арасында спартакиада өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү мектеп окуучулары арасында спорттун бир нече түрү боюнча спартакиада өткөрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардагы 20 мектептин арасынан суурулуп чыккан 4 мектептин кыздар жана балдардан курулаган командалары спорттун волейбол түрү боюнча ат салышты. Анын жыйынтыгы менен кыздар арасында 1-орунга №13 Р.Азимов атындагы орто мектеби, 2-орунга №10 Т.Кошматов атындагы гимназия мектеби, 3-орунду №4 мектеп-гимназиясы жана №1 М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын кыздар командасы ээледи.

Ал эми балдар командасынан 1-орунга №1 М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын, 2-орунга Т.Кошматов атындагы мектеп-гимназиясы, 3-орунду №9 Р.Санатбаев атындагы мектеп-гимназиясы ээледи.

Жеңүүчүлөр кубок, Ардак грамота жана балуу белектер менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, спартакиада бир жума бою улантылат.

Пикир

Оставить комментарий