• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда мектеп окуучулары үчүн заманбап спорт зал ачылды

Аймак 0

Ош, 24.12.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында А. Калешов атындагы мектеп окуучулары үчүн жаңы заманбап спорт зал ачылды.

Спорт залдын сметалык наркы 4 млн. 424 миң сом болуп, ал жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган. Анын ачылыш аземинде шаар мэри Мураталы Тагаев, окуучулар, ата-энелер, мектептин эмгек жамааты жана жергиликтүү тургандар катышкан.

Белгилей кетсек, ал мектептин чатыры жабык спорт залы жок болгондуктан буга чейин окуучулар дене тарбия сабагын жайы-кышы дебей сыртта өткөрүп келишкен.

Пикир

Оставить комментарий