• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда мектеп окуучусу электр мамычадан секирүүгө аракет кылган

Аймак 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында 17 жаштагы мектеп окуучусу жогорку чыңалуудагы электр мамычасынан боюн таштаганга аракет кылган. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, маалымат саат 17:18де ӨКМге түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, 30 мүнөттүк сүйлөшүүдөн кийин бала куткарылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий